Алиппе 1

Рысбаев pdf

Скачать файл (9.3 MiB)



Алиппе - Араб жазуусундагы эки алгачкы тамгалардын аттарынан (Алиф жана Ба) аталып калган.баланын сабатын ачуу, окууга жана жазууга үйрөтүүчү баштапкы окуу предмети. Баланын эң алгачкы, эң кичинекей энциклопедиясы болгон бул китеп балага эне тилинин мүнөздүү белгилери, дүйнө, айлана-чөйрө, Ата Журту, анын улуттук ыйык символдору,тарыхы, географиясы, элинин маданий салттары, элдик таалим-тарбия үлгүлөрү, үлгү туткан адамдары, өлкөнүн учурдагы түрдүү тармактагы жетишкендиктери ж.б. туурасында маалыматтарды өзүнө топтоо менен, балага таанытат. Ошондуктан, алиппе – балага тамга таанытуучу гана эмес, дүйнө тааныткыч, Ата Журтун таанып билдиргич, элдик таалим-тарбиянын эң негизги үлгүлөрүн үйрөтүүчү өзгөчө окуу китеби.

Алиппеге чейинки мезгил

Мектепке чейинки курактагы балдарга эне тилиндеги тыбыштарды таанытып, аларды өз алдынча жана сөздөрдө, кыска сүйлөмдөрдө туура айттыруу, оюнчук, сүрөттөрдү, көрсөтмө башка каражаттарды пайдаланып,артикуляциялык көнүгүүлөрдү уюштуруу. Бул мезгилде тарбиячылар китептеги сүрөттөрдү, көрсөтмө буюмдарды, сөз үлгүлөрүн пайдаланып, сүйлөм, сөз, муун, тыбыш, тамга деген түшүнүктөрдү балдардын туура өздөштүрүшүнө, эне тилинин жана ой-жүгүртүүсүнүн өнүгүшүнө таасир этүүчү көнүгүүлөрдү уюштурушат.

Бүгүнкү күндө кыргыз мектептеринде он үчүнчү «Алиппе» колдонулууда. Ишеналы Арабаев түзгөн кыргыздын туңгуч алиппеси 1924-жылы реформаланган араб алфавитинде жарык көргөн. Улуттук «Алиппе» китеби мазмуну жана түзүлүшү, билим жана тарбия берүүчүлүк мүмкүнчүлүгү боюнча уламдан-улам өркүндөп келатат. Ал өзүнчө бүтүн комплексти түзүп турат, ага: «Алиппе» китеби, «Алиппе дептери», «Кесме тамгалар», «Шайыр тамгалар», «Методикалык колдонмо», «Класстан тышкары окутулуучу хрестоматия» кирет.

Балдар, силер билесиңерби, “алиппе” – араб алфавитинин “алиф” жана “бэ” деген алгачкы эки тамгаларынан турган сөз. Мектептерде кичине балдардын сабатын жоюуга жана жазууга үйрөтүүчү биринчи китеп.
Алгачкы кыргыз алиппеси мындан 101 жыл мурун чыккан. Ага чейин кыргыз эли ташка жазылган жазууну, араб жана латын алфавитин колдонуп келишкен. 17-18-кылымдарда Нурмолдо аттуу окутуучу балдарды араб жазуусуна үйрөтө баштаган. Андан кийин Абдаш Молдо менен тарыхчы, окумуштуу Белек Солтоноев дептер түрүндө китеп жазышып, ошону менен үйрөтө башташкан.
Алгачкы алиппе китеби “Алифба йаки төте окуу" деген аталышта жарык көргөн. Китепти атактуу кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабай уулу Уфада(Башкортостан) окуп жүргөн кезинде казак студенти Хафис Сарсекеев менен биргеликте чыгарган. Бул китеп кыргыз-казак тилинде араб жазмасында 1911-жылы 15-февралда “Шарк” басмаканасында басылып чыккан. Ал эми азыркы алиппенин алгачкы автору катары педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаевди билебиз.
Алиппе – тамга таанытуу менен бирге дүйнө таанытууга жардам берген китеп. Китеп билимдин булагы, илимдин чырагы экенин унутпайлы.File Downloads: 53